Кыргызстан Борбор Азияда экономикалык лидер болду

Экономика Загрузка... 08 Август 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-08-08 at 10.00.32.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 08.08.25. /Кабар/. 2025-жылдын алты айында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан ички дүң продукциянын (ИДП) өсүү темпи боюнча биринчи орунга чыкты, деп кабарлайт UPL.uz сайты.

Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 11,7 пайызга өсүп, 711,17 млрд сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 3,6 пайыздык пунктка жогорулаган.

Экинчи орунда Тажикстан (8,1%), үчүнчүдө – Өзбекстан (7,2%) жайгашты. Андан кийинки орундарда Түркмөнстан (6,3%) жана Казакстан (6,2%) турат.

Аналитиктердин баамында, Борбор Азия мамлекеттеринин жалпы ИДПсы (сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча) Аргентина же Швеция сыяктуу ири экономикалардан ашып түшөт.