Кыргызстан "Борбор Азия – Россия" форматында кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр

Саясат Загрузка... 23 Январь 2026 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москвада өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын I жолугушуусуна катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу 2025-2027-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планын ишке ашыруу механизмин, ошондой эле бул иш-чарада мамлекет башчылары тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди ишке ашырууну талкуулоо үчүн уюштурулду.

Имангазиев коопсуздук, соода жана инвестиция тармагындагы союздаштык мамилелерди бекемдөө менен бирге, Кыргызстандын аймактык күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча кызматташууга умтуларын баса белгиледи.

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровдун өлкөлөр ортосундагы сооданын, жүк ташуулардын өнүгүшүнө жана миграцияда эмгектенген жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болуп жаткан бөгөт коюуларды жана чектөөлөрдү алып салуу боюнча демилгесин ишке ашыруунун алкагында миграция күн тартибине өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары, Имангазиев Россиянын Миграция кызматынын өкүлү менен жолугуп, кыргызстандыктардын кирүү жана иштөө шарттарын талкуулады. Ал жарандарды өлкөдөн чыгарбай туруп "кара тизмеден" чыгаруу механизмин мыйзамдаштырууну өтүндү. Ошондой эле Москвадагы санариптик каттоо тажрыйбасын ("Амина" тиркемеси) Россиянын башка ири шаарларына жайылтуу сунушталды.