Кыргызстан Бонндо тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча тематикалык иш-чара уюштурду

Экология 23 Июнь 2025 17:29
511135900_1264275309040434_3712238415418759553_n (1).jpg
511154881_1264275652373733_3244950949157278032_n.jpg
511126142_1264275562373742_5005054696089223109_n.jpg
510991920_1264275525707079_2938276421095842904_n.jpg
511152800_1264275522373746_9140652317839782464_n.jpg
511150060_1264275429040422_285117475835517211_n.jpg
511125678_1264275435707088_856637817171239977_n.jpg
511182629_1264275425707089_3872697819677587012_n.jpg
511163109_1264275289040436_7106415929923692980_n.jpg
510457606_1264275315707100_7142898256534912208_n.jpg
Алдыга
Артка
511135900_1264275309040434_3712238415418759553_n (1).jpg
511154881_1264275652373733_3244950949157278032_n.jpg
511126142_1264275562373742_5005054696089223109_n.jpg
510991920_1264275525707079_2938276421095842904_n.jpg
511152800_1264275522373746_9140652317839782464_n.jpg
511150060_1264275429040422_285117475835517211_n.jpg
511125678_1264275435707088_856637817171239977_n.jpg
511182629_1264275425707089_3872697819677587012_n.jpg
511163109_1264275289040436_7106415929923692980_n.jpg
510457606_1264275315707100_7142898256534912208_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Бонн конференциясынын 62-сессиясынын алкагында Кыргызстан Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы менен биргеликте "Чокулардын артында: тоолордо климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү үчүн кызыкдар тараптарды мобилизациялоо" аттуу тематикалык иш-чара уюштурду.

Иш-чарага Непал, Бутан, Андорра, Эквадор, Армения, Тажикстан, Казакстан жана Азербайжан сыяктуу тоолуу өлкөлөрдүн, ошондой эле БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы (КӨАК), ICIMOD, INBAR жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова ушул жылдын апрель айында Бишкек шаарында Глобалдык тоо диалогу өткөнүн белгилеп, өлкөлөрдү, эл аралык уюмдарды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айтылган "БУУ-Тоолор" координациялык механизмин, Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун, "Тоолуу жаштар, аялдар жана климат" эл аралык платформасын түзүү боюнча демилгелерди колдоого чакырды.

Мындан тышкары, ал БУУнун КӨАК алкагындагы учурдагы программалардын жана механизмдердин алкагында күч-аракеттерди бириктирүүнү, тоолуу жамааттардын кызыкчылыктарын илгерилетүүнү жана тоолуу экосистемаларды коргоону сунуштады. Кыргыз делегациясынын башчысы ошондой эле Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруунун жүрүшү жана андан аркы кадамдар жана кызматташуунун келечеги, анын ичинде 2027-жылы "Экинчи Бишкек глобалдык тоо саммитин" даярдоо боюнча маалымат берди.

КР президентинин атайын өкүлү баштаган Кыргызстандын делегациясы Непал ICIMOD менен биргеликте уюштурулган тоолордун туруктуулугун жогорулатуу боюнча: «Адаптация көрсөткүчтөрү боюнча глобалдык максатка жетүү», ошондой эле Казакстан тарабынан уюштурулган «Климаттын өзгөрүшүнө каршы аймактык аракеттерди тездетүү: 2026-жылдагы климаттын өзгөрүшү боюнча аймактык саммитке карай» деген тематикалык иш-чараларга катышты.

Кыргыз делегациясы сүйлөшүү процесстеринде тоо күн тартибин илгерилетүү максатында Индия, Австрия, Эквадор, Пакистан, Андорра, Армения, Бутан, Лаос, Шри-Ланка, Непал, Буркина Фасо, Мали, Танзания, Азербайжан жана башка өлкөлөрдүн делегация башчылары менен бир катар эки тараптуу консультацияларды өткөрдү. Ошондой эле Бонн конференциясынын ар кандай сессияларында сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшү шартында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн козгоду.

Маалымат үчүн: ICIMOD – Тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүүнүн эл аралык борбору INBAR – Бамбук жана ротанг боюнча эл аралык уюм.