Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 40 тонна беденин үрөнү Россияга жана 1,6 тонна ашкабактын үрөнү Японияга экспорттолду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу өткөн жыйында айтты.
Анын айтымында, быйыл Айыл чарба министрлиги сапаттуу үрөн-көчөткө жана малды асылдандырууга өзгөчө көңүл бурууда.
"Алсак, ушул жылдын 6-айында эле 4 050 тонна жазгы үрөн даярдалды.Үрөн алуучулардын саны 2 653 түзүп, 2024-жылга салыштырганда 2 эсе көп болду. Ал эми 12 млн 152 миң көчөттөр даярдалып, былтыркыдан 3 эсеге, же 279,8 пайызга көбөйдү. Мунун натыйжасында көчөт импорту азайды. Ошондой эле 22 көчөт питомниктери түзүлдү", - деди ал.