Кыргызстан Бельгияга ГЭС куруу боюнча инвестициялык долбоорлорго катышууну сунуштады

Саясат Загрузка... 10 Апрель 2025 12:12
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Бельгиянын Түркиядагы элчиси Хендрик ван де Вельденин жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, ошондой эле Кыргызстан менен Бельгиянын Түркия менен өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Элчи Руслан Казакбаев экономикалык кызматташтыкты талкуулап жатып, Кыргызстандын энергетикалык потенциалына токтолуп, бельгиялык тарапка чакан жана орто ГЭСтерди куруу боюнча инвестициялык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, кыргыз тарап туруктуу өнүгүү, тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жаатындагы улуттук демилгелер тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде элчи Хендрик ван де Вельде Борбор Азия аймагынын Европа биримдиги жана Бельгия үчүн тарыхый маанисин белгилеп, биринчи кезекте экономика жана логистика өңдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташуу мындан ары да кеңеерине ишеним билдирди.

Тараптар эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашты.