Кыргызстан беденин үрөнүн экспорттоону жандандырды

Экономика 10 июнь 2025 12:10
IMG_3389.JPG
IMG_3390.JPG
IMG_3388.JPG
IMG_3359.JPG
IMG_3359 (1).JPG
IMG_3357.JPG
IMG_3356.JPG
Алдыга
Артка
IMG_3389.JPG
IMG_3390.JPG
IMG_3388.JPG
IMG_3359.JPG
IMG_3359 (1).JPG
IMG_3357.JPG
IMG_3356.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Кыргызстан беденин (люцернанын) үрөнүн экспорттоону жандандырды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспорттун 40 тонна көлөмдөгү биринчи партиясы Россияга жөнөтүлдү.

"Ошондой эле учурда беден үрөнүн Азербайжанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул өлкөдө да мал чарбасын өнүктүрүү үчүн сапаттуу тоюттарга суроо-талап жогору болууда", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан люцерна үрөнүн өстүрүү үчүн эң ылайыктуу табигый-климаттык шарттарга ээ: түшүмдүү жерлер, таза суу, бийик тоолуу климат жана бай агрардык салттар — булардын баары экологиялык жактан таза жана азыктык баалуулугу жогору продукцияны өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Айыл чарба министрлиги тоют өсүмдүктөрүн, анын ичинде люцернаны өндүргөн жана экспортко чыгарган ишкерлерди колдоону улантып, экспорт рыногун кеңейтүүгө багыт алган.

Люцернанын үрөнүн экспорттоо — бул дыйкандар үчүн кошумча киреше булагы гана болбостон, өлкөнүн экспорттук потенциалын бекемдөөгө, агрардык секторду өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын дүйнөлүк рынокто ишенимдүү жана сапаттуу айыл чарба продукциясын жеткирүүчү катары ордун бекемдөөгө чоң салым кошот.