Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Багам Аралдары Шериктештигинин тышкы иштер министри Фредерик Одли Митчелл менен жолукту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 25-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында орун алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө дипломатиялык мамилелерди орнотуу тууралуу биргелешкен коммюникеге кол коюу аземи өттү. Министрлер бул кадам саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүнүн баштапкы кадамы болорун баса белгилешти.
Кыргызстан менен Багам Аралдары тышкы саясат мекемелеринин ортосундагы диалогду өнүктүрүүнү, өз ара сапарларды уюштурууну жана айыл чарба, туризм, туруктуу өнүгүү жана финансы сыяктуу тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү макулдашты.
Тараптар климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл буруп, экосистемаларды коргоо жана "жашыл" өнүгүүгө өтүү боюнча демилгелерди биргелешип илгерилетүү ниетин билдиришти.