Кыргызстан Азербайжан, Түркия жана Венгрияга эт, сүт экспорттоого толук даяр

Экономика Загрузка... 25 Июнь 2025 13:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Кыргызстан Азербайжан, Түркия жана Венгрияга эт-сүт продукциясын экспорттоого толук даяр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдө өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмунун айыл чарба министрлеринин 4-жыйынында билдирди.

Ал Кыргызстан айыл чарбаны экономиканын артыкчылыктуу тармагы катары баалай турганын айтты. Айыл чарба ички дүң продукциянын 9 пайызга жакынын түзүп, өлкөнүн калкынын 28 пайызын жумуш менен камсыз кылат жана республиканын азык-түлүк коопсуздугунда маанилүү роль ойнойт.

"Биздин экспорттук продукцияларыбызга – картошка, капуста, пияз, сабиз гана кирбестен, коон-дарбыз, мөмө-жемиштер жетиштүү көлөмдө өстүрүлүп, экспортко чыгарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Андан сырткары, Кыргызстандын эт-сүт продукциясын кошуна өлкөлөргө гана эмес, Азербайжан, Түркия жана Венгрияга экспорттоого толук даяр”, - деп кошумчалады Төрөбаев.

Белгилей кетсек, 25-26-июнда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында ТМУга кирген өлкөлөрдүн айыл чарба боюнча министрлеринин 4-жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия жана Венгриянын айыл чарба министрлери башында турган делегациялар катышууда.