Бишкек, 10.09.25 /Кабар/. Кыргызстан аялдар конгресси 33 жылдын ичинде 77 долбоорду ишке ашырган. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарында өтүп жаткан V эл аралык аялдар бизнес форумунда аталган конгресстин президенти Замира Акбагышева билдирди.
Форумда көтөрүлө турган маселелерге токтолуп жатып, “Биздин биринчи максатыбыз - аялдардын ишкердигин мындан ары да өнүктүрүү. Ал эми экинчиси - түрк тилдүү мамлекеттердин каада-салттарын, улуттук прикладдык искусствону даңазалоо. Бул түрк тилдүү мамлекеттерди бириктире турган чоң тармак болуп саналат.
Бүгүнкү форумга түрк тилдүү мамлекеттерден келген өкүлдөр, Кыргызстандын булуң-бурчунан келген ишкер аялдар, мугалимдер, дарыгерлер катышууда.
Кыргызстан аялдар конгресси 33 жылдын ичинде 77 долбоорду ишке ашыра алды. Алдыда дагы көптөгөн максаттарыбыз бар. Бүгүнкү форумда биз Кыргызстандагы аялдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, алардын коомдогу ордуна байланышкан, насыялоо, инвестиция тартуу маселелерине кайрылабыз.
Эң эле маанилүү иш-чаралардын бири - “Аялдар үчүн санариптик өнүктүрүү кыргыз-кытай” борборунун ачылышы болууда”,-деди.
Белгилей кетсек, учурда “Түрк элдеринин прикладдык искусствосунун кылымдарды карыткан салттары” аталышындагы эл аралык аялдардын бизнес форуму өтүүдө.