Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Кыргызстан бүгүн Астанада өткөн Түрк мамлекеттеринин жашыл каржылоо кеңешинин II жыйынында "жашыл" жана туруктуу каржылоо жаатындагы тажрыйбасын тааныштырды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Жыйын "Astana Finance Days 2026" эл аралык каржы форумунун алкагында өтүп, анда "жашыл" жана туруктуу каржылоону өнүктүрүү, ESG принциптерин киргизүү жана аймактык кызматташтык маселелери талкууланды.
Кыргызстандын атынан Кыргыз фондулук биржасынын башкы директору Аида Чодулова чыгып сүйлөп, өлкөдө туруктуу өнүгүү долбоорлоруна инвестиция тартуу үчүн тиешелүү нормативдик, институционалдык жана каржылык база түзүлүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, 2022-жылдан бери Кыргыз фондулук биржасында туруктуу облигацияларды жайгаштыруунун көлөмү үч эсеге өскөн. Тартылган каражаттар "жашыл" экономика жана энергияны үнөмдөө, аялдар ишкердигин колдоо, социалдык инфраструктура жана экологиялык долбоорлорду каржылоого багытталган.
Чодулова Кыргыз фондулук биржасы Түрк дүйнөсүндөгү фондулук биржалар, каржы институттары жана өнүктүрүү институттары менен кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.