Бишкек, 29.05.25. /Кабар/. Өлкө башчысынын, өкмөттүн жана Коргоо министрлигинин жетекчилигинин туура жүргүзгөн саясатынын негизинде Кыргызстан аскер тармагы боюнча рейтингде 145 өлкөнүн ичинен 105-орунга чыкты. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы оперативдик башкармалыгынын стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы Саламат Райымбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, офицердик курамдын кесипкөйлүгүн арттыруу, эл аралык аскердик кызматташууну кеңейтүү жана жаңы технологияларды киргизүү чаралары кабыл алынып, учурда Коргоо министрлигинде бул багытта иштер аткарылууда.
“Акыркы жылдары аскер тармагындагы системалуу реформалардын натыйжасында жана өлкө башчынын колдоосунун негизинде көп жетишкендиктерге жетишип жатабыз. Бардык аракеттер аскердик кубаттуулук боюнча жалпы баалоодо оң таасирин берип, Кыргызстандын аскер тармагындагы рейтингин жогорулатууга өбөлгө түзүүдө десек болот. Бул мындан аркы иштерге түрткү берип, реформа багытындагы аракеттерди улантуу зарыл экендигин көрсөтөт”,- деди Райымбаев.
Эскерте кетсек, бүгүн 29-май КР Куралдуу күчтөрүнүн күнү. Бул күн 1992-жылдан бери белгиленип келет. Совет бийлиги урагандан кийин эгемен өлкөнүн өздүк Куралдуу күчтөрү түзүлгөн. Быйыл өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнө 33 жыл толду.