Бишкек, 04.12.25 /Кабар/. Кыргызстан ар бир чет элдик жарандан миграциялык тартипти сактоону талап кылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ар бир мамлекет өз коопсуздугун камсыздоо максатында миграциялык тартибин жөнгө салган мыйзамдарды жана эрежелерди иштеп чыгат. Айрым учурда бул мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
“Мисалы, Казакстан 2023-жылы өз аймагына кирүү жана жүрүү тартибине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизген. Бул өзгөртүүлөр чет элдик жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга да тиешелүү. Жаңы тартипке ылайык, кыргыз жарандары Казакстанда өлкөгө кирген күндөн тарта 90 күндөн ашык калууну кааласа, жашаган жери боюнча милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек.
Ошондуктан Кыргызстан да өз аймагына келген чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү тартиптерди жана талаптарды белгилеген. Өлкө аймагына келген ар бир чет элдик жаран Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын жана тартибин так сакташы керек”, — деп баса белгиледи Кадыров.