Кыргызстандын улуттук павильону Венеция биенналесинде алгач ирет ачылат

Маданият Загрузка... 06 Май 2026 18:35

Бишкек, 06.05.26. /Кабар/. Кыргызстан дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу заманбап искусство көргөзмөсү — Венеция биенналесине биринчи жолу толук кандуу катышууга даярдык көрүүдө. 8-майда ачыла турган эл аралык иш-чарада өлкөнүн маданий потенциалын чагылдырган өзгөчө павильон тартууланат.

Маданий дипломатиянын жаңы кадамы

Кыргызстандын катышуусу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин колдоосу астында ишке ашууда.

Долбоорду даярдоо ишине мекендештерден турган коомдук активисттердин демилгелүү тобу көмөк көрсөтүп, координациялоо иштерин мекендешибиз Анара Насырова жетектеген.

Венеция биенналеси — 1895-жылдан бери өткөрүлүп келген, искусство дүйнөсүндөгү Олимпиада катары таанылган эң ири аянтча. Ага катышуу өлкөнүн эл аралык маданий коомчулуктагы ордун бекемдөөгө багытталган стратегиялык кадам болуп саналат.

”БЕЛЕК” — санариптик доордун шедеври

Кыргыз павильонунун негизги өзөгүн белгилүү сүрөтчү жана скульптор Алексей Морозов тарабынан даярдалган ”БЕЛЕК” арт-долбоору түзөт. Бул заманбап санариптик технологияларды колдонгон визуалдык-иммерсивдик инсталляция. Долбоор көрүүчүлөрдү Кыргызстандын маданиятына, жаратылышына жана тарыхына виртуалдык түрдө терең сүңгүтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордун автору Алексей Морозовдун айтымында, бул эмгек анын туулган жерине жана кыргыз элине болгон терең сый-урматын билдирет.

Эскерте кетсек, А. Морозов буга чейин Римде орнотулган Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин да автору катары белгилүү.

Эл аралык кызматташтык

Павильондун ишине искусство тармагындагы дүйнөлүк эксперт, Римдеги Боргезе галереясынын кызматкери Джеральдина Леарди кураторлук кылууда. Ошондой эле долбоордун ишке ашуусуна ата мекендик бизнестин социалдык жоопкерчилигинин алкагында ”Аксай Тревел” компаниясы жана Елена Калашникова чоң салым кошкон.

Кыргызстандын павильону Венециянын тарыхый борборунда, 14-кылымга таандык Санта-Катерина сарайында жайгашкан. Бул катышуу өлкөнүн маданий имиджин эл аралык деңгээлде таанытууда жана Бишкекти аймактык маданий борборлордун бири катары позициялоодо маанилүү роль ойномокчу.