Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Кыргызстан алгач ирет “Интервидение-2025” музыкалык сынагына катышат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Кыргыз маданият сервис” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Өмүрбек Андарбеков билдирди.
Анын айтымында, сынактын финалы Москва шаарында өтөт, ал эми баш байге - 300 миң евро. Сынакта кайсы өлкөнүн жараны баш байгени алган болсо, кийинки жылкы сынак ошол өлкөдө өткөрүлөт.
“Кыргызстандын намысын коргоо үчүн эртең 15 мыкты аткаруучунун ичинен бир ырчы тандалат. Ырчылар биринчи кезекте атактуу жана буга чейин эл аралык сынактарга катышкан болушу керек. Алар: Бек Исраилов, Аксай Мукамбет уулу, Камир, Курал Чокоев, Урмат Токомбаев, Айжан Нусувалиева, Адилет Жумабеков, Тамга, Ислам Акматов, Миңжашар Мурзаев, Марат Талантбеков, Данияр Долотбаков, Азат Раимбердиев жана Каныкей. Булардын ичинен сынакка бир гана ырчы жолдомо ала алат”,-деди ал.