Кыргызстан АКШнын "Жардамдын ордуна соода" демилгесин кубаттады

Экономика Жүктөлүүдө... 15 Июль 2026 17:45
746209658_18099523886343965_9156511981415769175_n.jpg
745503916_18099523913343965_1073950110580992179_n.jpg
747862565_18099523895343965_381800108648967154_n.jpg
Алдыга
Артка
746209658_18099523886343965_9156511981415769175_n.jpg
745503916_18099523913343965_1073950110580992179_n.jpg
747862565_18099523895343965_381800108648967154_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку деңгээлдеги саясий форумдун алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Trade Over Aid" аттуу тематикалык иш-чарада сөз сүйлөдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр АКШнын соодага, инвестицияларга жана өз ара экономикалык пайдага негизделген өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган "Trade Over Aid" демилгесин кубаттады. Ал мындай мамиле Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына толук шайкеш келерин белгилеп, анда жеке секторду өнүктүрүү, индустриялаштыруу, экспортту диверсификациялоо жана инвестицияларды тартуу артыкчылыктуу багыттар катары аныкталганын айтты.

Министр өз сөзүндө АКШ менен кызматташуунун келечектүү багыттарын белгилеп, алардын катарына гидроэнергетиканы өнүктүрүү, стратегиялык мааниге ээ пайдалуу кендерди өздөштүрүү, маалыматтык технологиялар, айыл чарбасы, туризм жана транспорттук инфраструктура кирерин айтты. Ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл бурулуп, ал аймактагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзгөн маанилүү транспорттук долбоорлордун бири экени белгиленди.

Бакыт Сыдыков деңизге түз чыгуусу жок өлкөлөр үчүн сооданы өнүктүрүү заманбап инфраструктурасыз, каржылоого жеткиликтүүлүксүз жана натыйжалуу соода жол-жоболорунсуз мүмкүн эместигин белгиледи. Ошону менен бирге, эл аралык техникалык жардам сооданы кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана мамлекеттердин экономикалык потенциалын чыңдоого кызмат кылууга тийиш экенин баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда министр Кыргызстандын стратегиялык максаты – сооданы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана ишкердикти колдоо аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүү жана калктын туруктуу бакубаттуулугун камсыз кылуу экенин белгиледи.

Маалымат үчүн: "Trade Over Aid" ("Жардамдын ордуна соода") – 2026-жылдын 27-апрелинде АКШ тарабынан башталган эл аралык экономикалык демилге. Ал салттуу эл аралык жардамга негизделген ыкманын ордуна соодага, инвестицияларга жана жеке сектор менен өнөктөштүккө таянган өнүгүү моделин илгерилетүүгө багытталган.