Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат

Президент 22 сентябрь 2026 17:20
819776501_2176187193305634_6671212542301913932_n.jpg
821523459_2333811060688427_1290251528911570684_n.jpg
818686459_2238860156962524_5219099298914245038_n.jpg
819987487_2345872919489375_5754633264424528167_n.jpg
808958906_833009936535809_6078069499551448025_n.jpg
796639867_1083439277941597_19943588614468014_n.jpg
819571844_1794330895233477_8046601898309736809_n.jpg
Алдыга
Артка
819776501_2176187193305634_6671212542301913932_n.jpg
821523459_2333811060688427_1290251528911570684_n.jpg
818686459_2238860156962524_5219099298914245038_n.jpg
819987487_2345872919489375_5754633264424528167_n.jpg
808958906_833009936535809_6078069499551448025_n.jpg
796639867_1083439277941597_19943588614468014_n.jpg
819571844_1794330895233477_8046601898309736809_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, АКШнын соода министринин орун басары Уильям Киммит, АКШнын Экспорттук-кредиттик банкынын төрагасы Жон Йованович жана локомотивдерди чыгарган америкалык “Вебтек” (Wabtec) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун башында мамлекет башчысы маектештерин АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы менен куттуктап, аларга жана Америка элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны, атап айтканда, темир жол түйүндөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.

Ушуга байланыштуу бул жолугушуунун жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында пайдалануу үчүн ТЭ33АС сериясындагы 10 заманбап магистралдык жүк ташуучу локомотивди сатып алуу боюнча келишимге кол коюунун маанилүүлүгү белгиленди.

Бул локомотивдерди Кыргызстанга 2027-жылдын аягына чейин жеткирүү күтүлүүдө.

Өз кезегинде АКШнын Эксим банкынын төрагасы Жон Йованович америкалык технологияларга кызыгуулар үчүн ыраазычылык айтып, бул долбоор Кыргызстан менен кызматташтыктын тарыхындагы алгачкы долбоорлордун бири экенин айтты.

Садыр Жапаров жаңы локомотивдерди сатып алуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” МИнин локомотивдер паркын болжол менен 30 пайызга жаңылоого мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Буга байланыштуу президент локомотивдер паркынын калган бөлүгүн сатып алуу боюнча мындан аркы кызматташтыкка даяр экенин белгилеп, аны кийинки беш жылдын ичинде толугу менен жаңылоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисине токтолду. 2030-жылга чейин жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берип, тартуучу кыймылдуу курамды тиешелүү түрдө чыңдоону талап кылган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун аяктоо күтүлүүдө.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров локомотивдер паркын модернизациялоо жаңы транспорттук каттамдарды натыйжалуу тейлөөнү камсыз кылып, өлкөнүн транзиттик потенциалын ачууга, анын ичинде Кыргызстандын аймактарынын ортосундагы темир жол байланышын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Паоло Замполли жетишилген макулдашуулардын маанилүүлүгүнө токтолуп, долбоорду ишке ашыруу кыргыз-америкалык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жаңы баракты ачарын жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз боло аларын баса белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча иштерди улантууга даяр экенин ырасташты.