Кыргызстан айыл чарба тармагында спутниктик технологияларды колдоно баштады

Коом Загрузка... 04 Август 2025 09:53
distantsionnoe-zondirovanie-zemli.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Кыргызстан айыл чарба тармагында спутниктик технологияларды колдоно баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Азербайжандын спутниктик оператору Azercosmos менен биргеликте агрардык тармакта Жерди дистанциондук зонддоо боюнча долбоор ишке ашырылууда.

Пилоттук этап 2024-жылы Сокулук районунда 2023-жылдагы спутниктен алынган маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн.

Анын максаты айыл чарба өсүмдүктөрүнүн абалын жана өсүшүн алыстан мониторинг кылуу системасын киргизүү болуп саналат.

Пилоттук этаптын жыйынтыгы менен 2025-жылдан тартып долбоорду республика боюнча кеңейтүү чечими кабыл алынган.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жыйынтыктар:

  • 5 негизги айыл чарба өсүмдүгү боюнча маалыматтар чогултулду;
  • жалпысынан 2057 өсүмдүк үлгүсүн алуу пландалган, анын 1443 үлгү ийгиликтүү алынып, бул 70 пайызды түздү.

Спутниктик мониторингдин негизги артыкчылыктары:

  • жер ресурстарын башкарууну натыйжалуураак кылууга көмөк көрсөтөт;
  • фермерлерге агротехникалык кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк берет;
  • климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту жогорулатат.

Кийинки этап - долбоордун географиясын кеңейтүү жана 2025-2026-жылдары республика боюнча толук жайылтуу.

Белгиленгендей, министрлик айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүү максатында инновациялык чечимдерди илгерилетүүнү улантат.