“Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына сатып алган 3-учак июлда Кыргызстанга келет

Коом Загрузка... 03 Июнь 2025 16:14
WhatsApp Image 2025-06-03 at 15.43.48.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Июлда “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына сатып алган мамлекеттик 3-учак алып келинет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына сатып алган мамлекеттик 3 учак бар. Анын экөөсү учурда колдонулуп жатат. Ал эми үчүнчүсү июлда алып келинет.

“Мындан сырткары, төртүнчү учак боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буюрса ал дагы 2026-жылы Канададан алып келинет. Ошондой эле эки чоң учак сатып алуу боюнча да анализ-мониторинг жүргүзүп жатабыз. Ал учактарды сатып алсак, алар эл аралык каттамдарды аткарышат”,-деди ал.