Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Өлкөдө "2025-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү: бөлүштүрүү жана микрогенерациялоо" программасын бекитүү пландаштырылууда.
Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомун Энергетика министри коомдук талкууга чыгарды.
Документте белгиленгендей, программа кайра жаралуучу энергиянын аз кубаттуулуктагы объектилерин — күн батареяларын, коллекторлорду, шамал турбиналарын, чакан ГЭСтерди жана микрогенерациялоонун башка түрлөрүн кеңири жайылтууну стимулдаштырууга багытталган. Булар мамлекеттик, муниципалдык жана жеке уюмдардын имараттарына жана курулмаларына, ошондой эле үй чарбаларына жайгаштыруу үчүн арналган.
Программанын негизги милдеттери болуп энергиянын кайра жаралуучу булактарын аз кубаттуулуктагы объектилерди орнотуу жана эксплуатациялоо үчүн жагымдуу укуктук жана экономикалык шарттарды түзүү, жергиликтүү жабдууларды өндүрүүнү өнүктүрүү, калк жана бизнес үчүн заманбап технологиялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, улуттук сапат стандарттарын киргизүү жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу кирет.
Ошондой эле программа кадрдык потенциалды өнүктүрүүнү, маалыматтык-агартуу иштерин, гендердик аспекттерди эске алууну жана калктын аялуу топторун колдоону карайт. Кыргызстандын эл аралык климаттык милдеттенмелерди аткарууга жана көмүртектик бейтараптуулукка (углероддук нейтралдуулукка) жетишүүгө кошкон салымына өзгөчө көңүл бурулган.
Программаны бекитүүнүн зарылдыгы өлкөнүн казылып алынган энергия булактарынан жогорку көз карандылыгы, бөлүштүрүлгөн генерацияны (распределенная генерация) жайылтуу деңгээлинин төмөндүгү, КЭБ (кайра жаралуучу энергия булактары) жабдууларын орнотуу үчүн комплекстүү стимулдардын жоктугу жана мындай орнотмолорду өндүрүү жана тейлөө боюнча ички рынокту түзүү зарылдыгы менен шартталган.
Документ ошондой эле Кыргызстандын Париж келишиминин алкагындагы милдеттенмелерди аткарышына көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Программаны эки этапта ишке ашыруу каралган:
I этап (2025-2027-жылдар) — институционалдык база түзүү, пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жана колдоо чараларын ишке берүү;
II этап (2028-2030-жылдар) — масштабдоо, санариптештирүү жана колдоо механизмдерин бюджетти пландаштырууга интеграциялоо.
Программада каралган конкреттүү чаралардын арасында төмөнкүлөр бар:
- натыйжалуулугун эске алуу менен аз кубаттуулуктагы кайра жаралуучу энергия булактары (КЭБ) объекттерин ишке киргизүү;
- инвестицияларды тартуу жана КЭБ жабдууларын өндүрүүнү өнүктүрүү үчүн ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү;
- жеңилдетилген насыялар, гранттар, субсидиялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу суроо-талапты стимулдаштыруу;
- жабдууларды жана адистерди сертификаттоо боюнча улуттук системаны өнүктүрүү;
- энергиянын натыйжалуулугунун стандарттарын жана имараттарды маркировкалоону киргизүү;
- банк секторунун КЭБ долбоорлорун каржылоого активдүү катышуусу.
Программа "Кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө" мыйзамдын 9-беренесинин негизинде жана улуттук стратегиялык документтерге — 2040-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүү стратегиясына, 2035-жылга чейинки Энергетикалык программага жана жаңыртылган улуттук аныкталган салымга ылайык иштелип чыккан.