Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинети 2030-жылга карата негизги капиталга инвестициялардын үлүшүн учурдагы 34 пайыздан 50 пайызга чейин көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү форумунун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү планы өнөр жайды өнүктүрүү, чакан жана орто ишкерликти колдоо, каржы рыногун өркүндөтүү жана региондордун инфраструктурасын модернизациялоо боюнча кеңири чараларды камтыйт.
“Биздин максат - жогорку кошумча нарк жана маанилүү экспорттук потенциалы бар туруктуу, инновациялык экономиканы түзүү”, - деди Амангелдиев.
Негизги багыттардын катарында – аймактарда жогорку деңгээлде кайра иштетүү өндүрүштөрүн түзүүгө негиз болгон индустриалдык технопарктарды жана кластерлерди түзүү турат.
Тактап айтканда, төмөнкүлөр пландалган:
- Чүй облусунда автомобиль заводун куруу, анын ичинде электромобилдерди чыгаруу камтылган;
- Жылына 1 млрд таблеткага чейин дары каражатын чыгаруу кубаттуулугуна ээ фармацевтикалык комплексти түзүү;
- Кара-Кече жана Миң-Кушта өндүрүштү өнүктүрүү;
- К4 жана К5 стандарттарындагы күйүүчү май чыгарууга өтүү менен нефтини кайра иштетүүчү ишканаларды модернизациялоо;
- Геосинтетикалык материалдар, базальт буласы жана жылуулук изоляциясы өндүрүшүн уюштуруу;
- Казакстан менен чек арада индустриалдык-логистикалык комплекстин ачуу.