Кыргызстан 2 заманбап жүргүнчү учагын сатып алат

Экономика 14 август 2025 15:44
514256778_24199056703086510_9074413707683258210_n.jpg
531394281_24199056323086548_1461216279314105772_n.jpg
531690516_24199057363086444_5566691536990918907_n.jpg
532050665_24199055976419916_2497110277003215928_n.jpg
532130622_24199057026419811_4479072263513473659_n.jpg
532993232_24199055599753287_622170952985970548_n.jpg
Алдыга
Артка
514256778_24199056703086510_9074413707683258210_n.jpg
531394281_24199056323086548_1461216279314105772_n.jpg
531690516_24199057363086444_5566691536990918907_n.jpg
532050665_24199055976419916_2497110277003215928_n.jpg
532130622_24199057026419811_4479072263513473659_n.jpg
532993232_24199055599753287_622170952985970548_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Манасбек Самидиновдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө өтүп жаткан VII кыргыз-россия экономикалык форумунун алкагында заманбап учактарды сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, келишим Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия өнүктүрүү банкы, "Элдик Банк" ААК жана "Кыргызстан аэропорттору" ААК ортосунда түзүлдү.

"Документ тараптардын Airbus A320/A321 же Boeing 737NG тибиндеги заманбап эки жүргүнчү учагын алуу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашыруу ниетин бекемдейт. Бул кадам улуттук авиациянын өнүгүшүнө жана учуу географиясынын кеңейишине чоң түрткү болот.

Биз бул долбоорду ишке ашыруу менен авиакаттамдардын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүп, биздин жарандар үчүн учуулардын ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат деп ишенебиз. Бул Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасын чыңдоого маанилүү салым болуп саналат", - деп жазды ал.

Келишимге ылайык, тараптар долбоорду тыкыр талдап чыгып, финансылык моделди иштеп чыгышат жана зарыл болгон инвестицияларды биргелешип кызматташтыкка тартышат. Долбоорду жүзөгө ашыруу 2025-жылдын сентябрына пландаштырылган.

Бул документке кол коюу — авиация жаатын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган натыйжалуу эл аралык жана жергиликтүү кызматташтыктын дагы бир мисалы.