Кыргызстанда мунай жана газ кендери Чаңгыр-Таш, Кара-Жыгач, Тогап-Бешкент, Майлуу-Суу, Кызыл-Алма, Сузак, Сары-Камыш, Сары-Таш жана башка жерлерде жайгашкан. Азыр кендердин айрымдары иштетилип, күйүүчү-майлоочу май өндүрүлүүдө. Адистер мунай менен газдын коруна бай кендерди иштетүү калкты атамекендик продукция менен камсыздоого шарт түзө турганын айтып келишет. Эске салсак, Кыргызстанда кен жайгашкан аймактарда бургулоо иштери мындан 93 жыл мурда башталган.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад жана Баткен облустарында кен казуу менен алектенген ишкана катары “Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомун атасак болот.
1952-жылы түптөлгөн ишкана жылына 500 миң тонна чийки затты өзү казып алып, Жалал-Абаддагы заводдо кайра иштетет. Анда АИ-80, дизель майы, мазут чыгарылат. Продукциялар ички рынокко сатылат.

“Кыргызнефтегаз" ишканасынан билдиришкендей, өндүрүштүк көрсөткүчтөр жылдан-жылга өсүүдө. 2025-жылдын алты айдагы жыйынтыгы боюнча, нефть өндүрүү планы — 82 982 тонна болсо, иш жүзүндө 82 992 тонна өндүрүлгөн. Жаратылыш газын өндүрүү 12 млн 890 куб метрди түзсө, иш жүзүндө көрсөткүч 13 млн 700 куб метрге жетти. Буларга жараша таза кирешенин көлөмү өсүп, жарым жылда 1,4 млн сомдон ашты.
“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов белгилегендей, акыркы жылдары мекемеде жүрүп жаткан ири долбоорлор толук аяктагандан кийин ишкананын кирешеси кескин өсүп, кошумча жумуш орундары түзүлүп, жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Учурда компания жаңы кен аймагын ачуу үчүн изилдөө багытында бургулоо иштерин жүргүзүүдө. 14төн ашык лицензиялык аймактарынын төртөөсүндө изилдөө иштери уланууда.

Ишкана бүгүнкү күндө Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү заводду жаңылоо жумуштарын колго алган. Буга удаа эле нефтини өндүрүүнүн жылдык көлөмүн 500 миң тоннага чыгарууну мерчемдеп жатат. Ири долбоор ишке ашса, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген К4, К5 үлгүсүндөгү (АИ-95, АИ-92) күйүүчү майлар чыгарыла баштайт. Учурда 410 млн долларлык инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруунун үстүндө иштер жүрүп жатат. Завод жогорку деңгээлдеги автоматташтырылган башкаруу системалары менен жабдылмакчы жана Борбор Азияда аналогсуз болот. Азыр Дубай жана Жалал-Абадда жасалып жаткан жабдуулар, заводдо кураштырылат. Модернизацияланган завод 2027-жылы ишин баштап калары айтылууда. Ошондой эле компания бургулоо жумуштарын жаңылоо максатында Россия, Кытайдан мобилдик жана стационардык бургулоочу станокторду сатып алган. Жалпы жонунан 7 бригадалык топ бургулоо жумуштары менен алек. Бардыгы болуп заводдо 220дан ашык адам эмгектенет.

Эске салсак, былтыр президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоого “мезгил кутусун” салган болчу. Мунайды кайра иштетүүчү заводдун модернизациясы аяктап, ишке кирери менен өлкө экономикасына чоң салым кошо турган стратегиялык обьектилердин катарын толуктамакчы.