Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы “Кыргызмамасылтукум” мамлекеттик ишканасы быйыл жүгөрүнүн экинчи түшүмүнөн да жогорку көрсөткүчкө жетишти.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ишкананын Сокулук райондук филиалы 20-июлда буудай түшүмүн жыйнап бүткөндөн кийин, биринчи жолу экинчи түшүм катары жүгөрү уругун сепкен. Учурда талаадагы жүгөрү бышып, чабууга даяр.
Ал эми Ош облустук “Катта-Талдык” филиалы силос үчүн өстүрүлгөн жүгөрүнүн экинчи чабыгынан мол түшүм алып, кыш мезгилине 110 тонна сапаттуу силос камдап бүттү. Ал тоют ишкананын мал-жандыгына азык катары пайдаланылат.
Министрликтен белгилешкендей, бул аракеттер мал чарбасынын тоют базасын чыңдоого, жерди рационалдуу пайдаланууга жана экинчи түшүм алуу практикасын кеңейтүүгө багытталган.
Экинчи түшүм катары жүгөрү өстүрүү айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана тоют тартыштыгын азайтууда маанилүү кадам болуп саналат.