“Кыргызкөмүрдүн” башчысы канча маяна аларын айтты

Коом Загрузка... 03 Октябрь 2025 12:21
WhatsApp Image 2025-10-03 at 12.15.40.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.10.2025 /Кабар/.“Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Кайрат Маматов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде айлык маянасы жана жеке кирешелери тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ишкана 300 миллион сом кирешеге чыккандан кийин кызматкерлердин айлык маянасы жогорулаган.

"Учурда менин айлык акым 160 миң сомду түзөт. Колума тийген таза сумманын өлчөмү 132 миң сом. Мындан сырткары, белгилүү учурларда кошумча сый акылар да берилет. Биздин компания KPI системасын колдонот. Өткөн жылы KPI 333 миң сомду түзгөн. “Кыргыз темир жолу” ишканасында да ушундай тажрыйба колдонулат экен. Ошондой эле үй-бүлөмө тиешелүү жеке бизнесибиз бар, ал жактан да киреше түшүп турат", — деди Маматов.