Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева көмүрдү экспорттоо боюнча маселе көтөрүп, Баткендин Сүлүктү шаарындагы кен казуучулар министрлер кабинетинин 2024-жылдын мартындагы токтомуна нааразы экендиктерин айткан.
Эл өкүлү токтом “Кыргызкөмүр” ишканасынын кызыкчылыктарына иштеп, ишкана менен "жең ичинен" сүйлөшүлүп чукул арада түзүлгөн жеке компанияларга гана шарт түзүлүп жаткандыгын билдирген.
“Сүлүктү шаарынын көмүр өндүрүүчүлөрү шаардын калкын иш менен камсыз кылып жатат. Ошондой эле шаардын экономикасына да салым кошууда. Бирок ушул токтомдун негизинде алар ортомчу компаниялар менен иш алып барып жатышат. Ал ортомчу компаниялар көмүрдүн майдаларын албай, тандап таза көмүрдү алышууда. Ал тургай кымбат нарктагы көмүрдү дагы төмөнкү баада алышат экен. Натыйжада алар майда көмүрлөрүн сата албай, күндүн ысыгында көмүрлөрү күйүп калууда. Ошондуктан бул токтомду тез арада карап чыгуу керек”, - деген эл өкүлү.
Бул боюнча “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
Аталган токтомго ылайык, Кыргызстандын аймагынан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынган жана бул чектөөлөр Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттары аркылуу автомобиль транспорту менен көмүрдү экспорттоодо Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына жайылтылбайт деп көрсөтүлгөн.
Аталган чектөөлөрдүн негизги максаты ички рынокто, өзгөчө күз-кыш жылытуу мезгилинде көмүр тартыштыгын алдын алуу, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, көмүрдүн баасынын туруктуулугун кармоо, калкты арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу, көмүр контрабандасына бөгөт коюу, экспортко чыккан көмүрдүн баасын реалдуу наркка шайкеш келтирүү, көмүр өндүрүүчүлөрдүн кирешесинин жана салык базасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы көмүр экспорттоо ишмердүүлүгүндө бардык катышуучуларга тең жана адилеттүү шарттарды түзүү принциптерин карманат. Сатып алуулар толугу менен ачык-айкын жол-жоболор аркылуу жүргүзүлөт жана ага ички рынонктун бардык мүчөлөрү - көмүр казып алуучу ишканалар, шахталар жана башка кызыкдар тараптар катыша алышат. Көмүр өндүрүүчүлөргө эч кандай тоскоолдуктар жок.
Экспортко чыгуучу көмүрдүн маркасы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан эмес, чет өлкөлүк импорттоочулардын суроо-талабына ылайык аныкталат. “Кыргызкөмүр” ишканасы импорттоочуларды белгилүү бир маркадагы көмүрдү сатып алууга мажбурлоого укуктуу эмес. Башкача айтканда, көмүрдүн ири же майда фракциясын тандоо укугу импорттоочу тарапка таандык жана “Кыргызкөмүр” ишканасы алардан белгилүү бир маркадагы көмүрдү сатып алууну талап кыла албайт.
Белгиленгендей, аталган токтомдун алкагында, Сүлүктү кендеринен көмүр казып алуучу 11 ишкана менен келишимдер түзүлгөн. Жалпы 191 миң тоннадан ашык көлөмдү камтыган бул келишимдерде көмүрдүн маркасына жараша баалар тоннасына 1000 сомдон 9500 сомго чейин белгиленген.
Бүгүнкү күндө да түшкөн суроо-талаптарга ылайык, көмүр өндүрүүчүлөр көмүр сатууга укуктуу. Белгилей кетүүчү жагдай, келишимдер көмүрдүн ар кандай маркаларын, анын ичинде майда көмүрдү (БСШ маркасы) да камтыйт. Бул марка боюнча эч кандай чектөөлөр жок.
Учурда көмүр экспортун жөнгө салуу министрлер кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы №707 токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Ал эми темир жол аркылуу көмүр экспорттоого эч кандай чектөөлөр жок жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан жөнгө салынбайт. Ошондуктан, көмүр өндүрүүчүлөр чет өлкөлүк кардарлар менен түз келишимдерди түзүү аркылуу иш алып барууга толук мүмкүнчүлүккө ээ.
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы өз ишмердүүлүгүндө ачыктыкты, адилеттүүлүктү жана мамлекеттик кызыкчылыктарды негизги принцип катары карманат. Ишкана ички рынокто көмүргө болгон суроо-талапты тыкыр көзөмөлдөп, зарыл учурларда көмүр тартыштыгын алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен катар, экспорт маселелерин да акыйкат жана тең атаандаштыкта жүргүзүп келет”,-деп айтылат маалыматта.