"Кыргызкөмүр" ишканасы 36,7 млн сомго атайын техникаларды сатып алды

Коом 632 12 Февраль 2025 12:55
DJI_0276.JPG
IMG_2270.JPG
WhatsApp Image 2025-02-12 at 12.54.52.jpeg
Алдыга
Артка
DJI_0276.JPG
IMG_2270.JPG
WhatsApp Image 2025-02-12 at 12.54.52.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Бүгүн "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына 10 жаңы тоо иштерин жөнгө салуучу атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Техникаларды энергетика министри Таалайбек Ибраев тапшырды. Министр жаңы техникалар көмүр тармагынын ишин натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөөрүн айтып, аларды жоопкерчилик менен колдонууга чакырды.

Аталган техникалар ишкананын өздүк каражатынын эсебинен 36 млн 780 миң 600 сомго сатып алынган.

Алынган техникалар:

- жүктөгүч - 2 даана;
- дөңгөлөктүү экскаватор -1 даана;
- вахталык мөөнөттү ташуучу КамАЗ - 1 даана;
- жолго суу чачуучу унаа - 2 даана;
- кызматтык жеңил унаа - 4 даана.