"Тазалык" ишканасына 22 жаңы атайын техника тапшырылды

Коом 23 сентябрь 2026 09:45
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.39.18.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.39.19 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.39.19.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.39.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.39.20 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.39.20.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.39.21 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.39.21.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Тазалык" муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мэриядан билдиришти.

Ишканага 22 даана техника, анын ичинде 11 МАЗ үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа, бир "Шумкар", беш "ХОВО", бир "Дамас" жана төрт "Лабо" унаасы берилди.

Жаңы техникалар шаарды санитардык жактан тазалоону күчөтүүгө, тиричилик калдыктарын өз убагында чыгарууга жана ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

"Мындан тышкары, Минск шаарынан дагы үч даана атайын техника келери күтүлүүдө. Макулдашууларга ылайык, аларды 15-октябрга чейин жеткирүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Жаңы техникаларды кошкондо, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын карамагындагы атайын автотранспорттун саны 400дөн ашат.