Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 22-августтан 25-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.