Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы кыска жана толук метраждуу көркөм фильмдердин, ошондой эле илимий-популярдуу даректүү тасмалардын сценарийлерине ачык сынак жарыялайт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, сынак президенттин №159 жарлыгына жана тармактык ченемдик актыларга ылайык 2026-2027-жылдардагы тематикалык планды түзүү максатында жарыяланды.
Сынак төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча өткөрүлөт:
– дебюттук фильмдер;
– арт-хаус (автордук) фильмдер;
– тарыхый фильмдер;
– ко-продукциялык (биргелешкен) долбоорлор.
Сынакка Кыргызстанда катталган юридикалык жактар (продакшн-студиялар, чыгармачыл бирикмелер жана башкалар) катыша алышат. Кароого кыргыз тилинде, талапка ылайык "американка" форматында жазылган сценарийлер гана кабыл алынат.
Сценарийлер идеянын оригиналдуулугу, сюжеттик түзүлүшү, каармандардын өнүгүүсү, көркөм деңгээли, тил нормаларын сактоо жана автордук өзгөчөлүк жана башка критерийлер боюнча бааланат.
Сынактын мөөнөтү: 2026-жылдан 17-июлуна чейин.
Документтерди кабыл алуу дареги: Бишкек шаары, Д.Асанова көч., 1, 2-кабат, Редакция бөлүмү.
kyrgyzfilmredakcia@gmail.com
Байланыш номер: +996 500 160 153
Сценарийлер кагаз түрүндө (2 нуска) жана электрондук форматта кабыл алынат.