Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы Улуттук онкология жана гемотология борборуна дары-дармекти толук алып бере элек. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 60 дары ооруканага берилмек. Бирок учурда болгону 4 аталыштагы гана дары-дармек алып келинди.
“Кыргыз фармация” аркылуу Улуттук онкология жана гемотология борборуна 60 дары алыныш керек болчу. Алар ноябрь айында буюртма беришкен. Июнь айынын аягында болгону төрт эле дары-дармек келди. Дагы 56 дары келе элек.
Онкология менен ооруган адамдардын бардыгы күнүгө өз убагында дарыларды албаса, тилекке каршы өтө жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошол үчүн менде чоң сураныч бар. Кандай себептерден улам ушундай абал жаралууда? Дарылар эмнеге кечигип жатат. Саламаттык сактоо министрлиги алдын ала жумуштарды жасабай жатат?", - деп кабатырланды эл өкүлү.