“Кыргызфармация” 300гө жакын оорукананы сапаттуу дары-дармек менен камсыздоодо

Ден соолук Загрузка... 17 Июнь 2025 11:32
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы өлкөдөгү 300гө жакын оорукананы сапаттуу дары-дармектер, медициналык каражаттар менен камсыздоодо. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султанов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, дары-дармекти сатып алуунун бирдиктүү борборлоштурулган системасы аркылуу Кыргызстандагы 300гө жакын оорукана дары-дармек менен камсыздалууда.

“Буга чейин аталган 300 оорукананын ар бири өз-өзүнчө дарыларды сатып алып келишкен. Алар негизинен мамлекеттик сатып алуу мыйзамы боюнча тендер аркылуу жүргүзүлгөн. Мында өзгөчө алыскы аймактардагы ооруканалар көп өлчөмдө дарыларды сатып алууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Дары саткан менчик ишканалар, фармацевтикалык компаниялар да алыскы аймактарга айрым дарыларды алып барбай, алып барса да, аз көлөмдө болуп көйгөй жаралып келген”,- дейт Талант Султанов.

Белгилей кетсек, дарылардын жетишсиздиги көйгөйүн чечүү максатында 2 жыл мурда “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы ишке кирген. Өлкөдөгү зарыл болгон бардык дары-дармектерди бириктирип, ири көлөмдө сатып алуунун дагы бир артыкчылыгы - баалар төмөндөп, сапаты жогорулоодо.

Ошондой эле алдыда ири дүйнөлүк фармацевтикалык компаниялар менен иштешкенге да мүмкүнчүлүктөр бар экенин ишкана жетекчиси кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 31-мартында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Бул саламаттык сактоо тармагындагы системалык реформалардын бир бөлүгү.