"Кыргызфармация" ишканасында реструктуризация процесси башталды

Коом Загрузка... 03 Июль 2025 11:35
kyrgyzfarmatsya.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы ири реструктуризация процессин ишке киргизди.

Ишкананын маалыматына ылайык, бул кадам ишкананын саламаттык сактоо системасындагы ролун күчөтүүгө жана ички процесстердин ачык-айкын, ийкемдүү жана туруктуу болуусуна жана негизги багыттарын комплекстүү жаңылоого багытталган.

Алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • уюмдун түзүмүн оптималдаштыруу;
  • кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, функционалдык милдеттерди кайра бөлүштүрүү жана натыйжага багытталган башкаруу принциптерин киргизүү;
  • сатып алууларды, логистиканы жана эсеп-кысап процесстерин автоматташтыруу менен санариптик чечимдерди киргизүү;
  • ички жана тышкы финансылык көзөмөлдү күчөтүү, ички аудит жана ачык-айкын отчеттуулук механизмдерин өнүктүрүү;
  • кампалык инфраструктураны жакшыртуу, логистикалык багыттарды кеңейтүү жана жеткирүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
  • дары-дармек өндүрүүчүлөрү, өнүгүү боюнча өнөктөштөр жана каржы институттары менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү — мыкты тажрыйбаларды киргизүү жана туруктуулукту камсыздоо.

"Реструктуризациянын максаты — жөн гана кайра түзүү эмес, заманбап, натыйжага багытталган жана ийкемдүү башкаруу системасын куруу. Биз санариптик трансформация, команданын кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана стратегиялык өнөктөштүк диалогду бекемдөө багытында аракет көрүп жатабыз", — деп билдиришти ишкананын жетекчилиги.