Ташкент, 29.09.25. /Кабар/ Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Ташкент шаарында өткөн маданий салттардын жана улуттук тамак-аштардын XXI кайрымдуулук фестивалында кыргыз улуттук даамдарын жана азык-түлүк продукцияларын тааныштырды.
«Кыргызстан» павильонунда баш бармак, боорсок, чучук, гүлазык сыяктуу улуттук даамдар, айран, чалап, максым, шоро жана табигый суулар коюлуп, коноктордун кызыгуусун арттырды. Ошондой эле кол өнөр буюмдары менен сувенирлер көргөзмөгө чыгарылып, улуттук колоритти чагылдырды.
Фестивалдын программасында улуттук даамдар тартууланып, «Ташкент — нан шаары» көргөзмөсү уюштурулду. Мындан тышкары мастер-класстар көрсөтүлүп, элдик кол өнөрчүлүк буюмдары сунушталды. Ошондой эле Өзбекстан менен чет өлкөлүк фольклордук ансамблдердин концерттери орун алды.
Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль маданияттар аралык диалогду бекемдөөгө жана кайрымдуулук демилгелерин жайылтууга багытталды.