“Кыргызча оңой” платформасы мамлекеттик тилди үйрөнүүнү жеңилдетти – Супатаева

Коом Загрузка... 16 Июнь 2025 17:01
WhatsApp Image 2025-06-16 at 14.50.36 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. “Кыргызча оңой” онлайн-платформасы этностук азчылыктардын өкүлдөрү үчүн мамлекеттик тилди үйрөнүүнү жеңилдетти. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Алфира Супатаева билдирди.

Анын айтымында, мурда платформада кыргыз жана орус тилдери гана жеткиликтүү болсо, азыр жети тилде колдонууга болот.

“Эми платформага тажик, казак, өзбек, дунган, түрк тилдери киргизилди. Колдонуучулар өз каалоосу боюнча деңгээлин тандап, ыкчам жана натыйжалуу үйрөнө алышат. Платформа этностук көп түрдүүлүк шартында мамлекеттик тилди жайылтууга жана бардык жарандарга жеткиликтүү билим берүү максатын көздөйт”,- деди ал.

Супатаева кошумчалагандай, “Кыргызча оңой” платформасы башка окшош платформалардан бир нече айырмачылыгы менен өзгөчөлөнөт.

“Мисалы, платформада анимациялык тасмалар бар. Бул визуалдык материалдар тил үйрөнүүнү жеңилдетет. Мындан сырткары, колдонуучулар кыргызча караокелерди ырдап, тил көндүмдөрүн машыктыра алышат. Бул тилди оюн жана чыгармачылык аркылуу үйрөнүүнүн мыкты жолу”, - деди ал.