“Кыргызцентропродукт” жашылча жана мөмө-жемиштерди тоңдуруунун экинчи линиясы үчүн каржылоо алат

Экономика Загрузка... 01 Март 2025 20:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Кыргызцентропродукт” компаниясы жашылча жана мөмө-жемиштерди тоңдуруунун экинчи линиясын ишке киргизүүгө жана модернизациялоого багытталган жаңы каржылоо келишимин түзүштү.

Фонддун маалыматы боюнча, бул 2017-жылдан бери компания менен кызматташуунун алкагында колдоого алынган төртүнчү долбоор болуп саналат.

“Кыргызцентропродукт” - РКӨФ тарабынан агроөнөр жай секторун системалуу колдоонун негизги мисалдарынын бири. 2017-жылы фонд тарабынан жашылча сактоочу жайдын курулушу каржыланып, 2020-жылы жашылчаларды кургатуу жана кайра иштетүүчү завод ишке берилген, ал эми 2022-жылы биринчи тоңдуруучу линия ишке киргизилген.

“Компания фонддун колдоосу менен айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн ийгиликтүү моделин көрсөтүүдө. Чакан жашылча кампасынан баштаган “Кыргызцентрпродукт” Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба продукциясын экспорттоочулардын бирине айланды”, - деп баса белгиледи РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө компания тоңдурулган продукциясынын 90%ын Россияга, 5%ын Казакстанга жеткирип, калган 5%ын ички рынокко сатууда.

Өндүрүштү модернизациялоо өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө, ассортиментин кеңейтүүгө жана продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде Кыргызстандын ЕАЭБ рыногундагы позициясын бекемдеп, экспорттун көлөмүнүн мындан ары да өсүшүнө өбөлгө түзөт.

РКӨФ тарабынан колдоого алынган агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү вектору президент Садыр Жапаровдун “Агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү жөнүндө” жарлыгына толугу менен шайкеш келет.

Жакында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн мамлекеттик органдардын кызматкерлери, айыл чарба тармагынын ишкерлери жана фермерлери менен жолугушуусу аталган тармакта заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган фонд тарабынан каржыланган демилгелердин актуалдуулугун тастыктады.