Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы жаңыланган "Чолпон" кинотеатры ачылды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, имаратты реконструкциялоого 1,5 млн доллар бөлүнүп, 5 заманбап кинозал түзүлүп, орундардын саны 310го жеткирилди.
Ошондой эле 4K жабдуулары жана жаңы жылытуу системасы орнотулду.
Эске салсак, бул фонддун каржылык колдоосу менен аймактарда жаңыланган төртүнчү кинотеатр. Буга чейин Баткен, Токмок жана Кербен шаарларындагы объекттер ишке берилген.