"Кыргызалтындын" акционерлери пайданын 75%ын бюджетке төлөөнү жактырды

Экономика 11 Апрель 2025 17:55
490379707_1253317806799601_2299425371606976341_n.jpg
490032006_1253317796799602_849180993411462736_n.jpg
490278499_1253317833466265_3905728660264436644_n.jpg
490354507_1253317913466257_8895374350875414876_n.jpg
490807653_1253317860132929_4084414540193963412_n.jpg
Алдыга
Артка
490379707_1253317806799601_2299425371606976341_n.jpg
490032006_1253317796799602_849180993411462736_n.jpg
490278499_1253317833466265_3905728660264436644_n.jpg
490354507_1253317913466257_8895374350875414876_n.jpg
490807653_1253317860132929_4084414540193963412_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Бүгүн "Кыргызалтын" ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өттү.

Компаниядан билдиришкендей, анда компаниянын тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүгүнүн туруктуулугун тастыктаган маанилүү финансылык жана уюштуруу жыйынтыктары жарыяланды.

Отурумдун жүрүшүндө коомдун 2024-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, бюджеттин аткарылышы жана негизги көрсөткүчтөрүнө баа берүү боюнча отчеттор каралып, коомдун мындан аркы пландары жана стратегиялык милдеттери талкууланды.

“Кыргызалтын” ААКы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата ишкананын кирешеси 18,6 млрд сомду, пайдасы 17,2 млрд сомду түздү.
2024-жылы «Кыргызалтын» ААК кирешенин рекорддук деңгээлине жетишти, бул 2023-жылга салыштырмалуу 36%га көп.

Жыйындын жүрүшүндө акционерлер пайданын 75%ын дивиденд түрүндө мамлекеттик бюджетке төлөө чечимин кабыл алышты.

Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча бардык сунуштар эске алынып, күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Белгилей кетсек, "Кыргызалтын" ААКтын негизги акционери болуп министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик саналат. Башкача айтканда, акциялардын 99%ы таандык. Ал эми 1%ы Финансы министрлигине таандык.