“Кыргызалтын” ишканасы Тажикстандын алдыңкы тоо-кен компаниялары менен келишим түздү

Экономика 27 август 2025 13:40
539356555_1377777354353645_7774144347091106392_n.jpg
540834568_1377777264353654_520751548923397874_n.jpg
540365461_1377777261020321_1433863475006806883_n.jpg
Алдыга
Артка
539356555_1377777354353645_7774144347091106392_n.jpg
540834568_1377777264353654_520751548923397874_n.jpg
540365461_1377777261020321_1433863475006806883_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon «Кыргызалтын» ААК

Бишкек, 27.08.25 /Кабар/. «Кыргызалтын» ААК менен Тажикстандын тоо-кен компаниялары кызматташтык боюнча меморандумдарга кол коюшту

Ведомстводон билдиришкендей, Тажикстандын премьер-министринин биринчи орун басары Хоким Холикзоданын Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынан ири бизнес-делегация келди.

Алар бир катар алдыңкы кыргыз ишканаларында, анын ичинде «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунда жана «Кыргызалтын» ААКда болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргызалтын» ачык акционердик коому Тажикстандын тоо-кен тармагындагы алдыңкы ишканалар – «Талко Голд» ЖАК, «Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясы» ЖЧК жана «Пакрут» ЖЧК менен кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол койду.

Мындан сырткары, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын туунду компаниясына таандык болгон унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү жана калыбына келтирүүчү завод менен меморандумга кол коюлду.

Иш сапардын максаты – соода-экономикалык кызматташтыкты түзүү жана кеңейтүү, Кыргызстандын өнөр жай потенциалы менен таанышуу, ошондой эле кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюу болду.

"Документтер тоо-кен тармагын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча биргелешкен иштерди карайт. Бул кол коюу ниети Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган стратегиялык багыттын уландысы болуп калды",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «Кыргызалтын» ААК ишенимдүү эл аралык өнөктөш болуп саналат жана баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын «Good delivery» статусуна ээ. Компания бир нече жылдан бери мамлекеттик бюджетке ири салымын кошуп, рекорддук пайда алып келүүдө. Ошондой эле ата мекендик аффинаждалган алтынды жана алтын куймаларын өндүргөн жападан жалгыз өндүрүш болуп саналат. Ошону менен бирге, чендик алтын куймаларын өндүрүүчү завод Кыргыз Республикасына баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногундагы өз позициясын бекемдөөгө, ошондой эле ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө өбөлгө болот.