Ташкент, 02.06.25. /Кабар/. Кыргызстандык «Бай Тревел» туристтик компаниясынын өкүлдөрү жумушчу сапар менен Ташкент шаарында болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү маалымдады.
Жолугушууда компаниянын Ташкент шаарында өз филиалын ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Тараптар өкүлчүлүк ачууга байланыштуу уюштуруучулук жана укуктук маселелерди, ошондой эле туристтик кызматтарды өзбек рыногунда жайылтуунун ыкмаларын талкуулашты.
Мындан сырткары, Соода өкүлчүлүктүн демилгеси менен кыргызстандык «Бай Тревел» жана Өзбекстандын алдыңкы туристтик компанияларынын бири — «Malva Tour» ортосунда да өзүнчө жолугушуу өткөрүлдү. Анда компаниялардын ортосунда тажрыйба алмашуу, өнөктөштүк байланыштарды түзүү жана биргелешкен туристтик багыттарды иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
"Мындай демилгелер эки мамлекеттин туризм тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө өбөлгө болуп, жалпы кыргыз-өзбек алакаларын чыңдоого салым кошот. Туризм эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө чоң мүмкүнчүлүк жараткан маанилүү тармак катары каралууда", - деп айтылат маалыматта.
.