Кыргыз-өзбек өнөр жай кооперациясынын жаңы багыттары белгиленди

Борбор Азия 1666 26 Август 2025 12:10
a_26_0.jpg
a_26_.jpg
a_26.jpg
Алдыга
Артка
a_26_0.jpg
a_26_.jpg
a_26.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлү Данияр Убышалиев Өзбекстандын техникалык жөнгө салуу агенттигинин директору Акмал Жуманазаров менен өнөр жай кооперациясынын алкагындагы кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады, деп маалымдайт өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Жолугушууда Кыргызстанда өндүрүлгөн айнек буюмдарын сертификатташтыруу жана өнөр жай продукцияларын лабораториялык сыноодон өткөрүү маселелери көтөрүлдү.

Өзбек тарап 1996-жылы Ташкентте кол коюлган стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу боюнча келишимди бүгүнкү шарттарга ылайык жаңылоо зарылдыгын белгиледи.

Бул жолугушуу өнөр жай кызматташтыгы аркылуу эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү арттырып, импортту алмаштырууга шарт түзөрү айтылды.