Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Ташкент шаарынын Өнөр жай зоналарын башкаруу дирекциясынын директору Икромжон Усманов кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Агенттиктен билдиришкендей, документ эркин экономикалык жана өнөр жай зоналарын түзүү жана башкаруу жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүнү, тажрыйба жана мыкты практикаларды алмашууну, ошондой эле инвестицияларды тартуу боюнча биргелешкен ишти жүргүзүүө багытталган.
Тараптар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана мамлекеттик колдоо чаралары боюнча маалымат алмашууга, ошондой эле бизнес-форумдарды, ишкердик миссияларды жана башка биргелешкен иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө макулдашты.
Кызматташтыктын алкагында Кыргызстан жана Өзбекстандын эркин экономикалык зоналарынын, өнөр жай ишканаларынын жана инвесторлорунун ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.