Кыргыз- өзбек чек арасындагы үч өткөрмө пункту күнү-түнү иштейт

Коом Загрузка... 18 Июнь 2025 12:16
tamozh-18.webp

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.06.25. /Кабар/. 18-июндан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы үч көзөмөл-өткөрмө пункту 24 сааттык иш тартибине өтөт. Бул тууралуу Фергана облусунун акимиатынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Фергана» чек ара-бажы пункту, Шахимардан айылындагы «Оккия» бажы пункту жана «Сох» өткөрмө постунда жайгашкан «Чашма» көзөмөл пункту күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп баштайт.

Бул чара жарандардын өтүүсүн жеңилдетүүгө жана эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө пункттарда кезек күтүү көйгөйүн азайтууга багытталганганы айтылат.