Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында аянты 12 миң чарчы метрден ашкан соода-логистикалык комплекс курулду. Келечекте бул комплексти көп тармактуу соода-экономикалык аймакка айландыруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында журналисттерге “Кыргыз эко экспорт” компаниясынын башкы директору Улан Максымбеков билдирди.
Анын айтымында, долбоор Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району менен Наманган облусунун Касансай районунун кесилишкен аймагында ишке ашырылган.
“Соода-логистикалык борборунун курулушу аягына чыгарылды. Биздин объекттер пайдаланууга берилди, көпүрөлөр жана жолдор курулду, электр энергиясы тартылды. Иш жүзүндө долбоорду мындан ары өнүктүрүүгө толук даярбыз”, — деди Максымбеков.
Ал Наманган облусунун жетекчилиги менен биргеликте компания бул комплекстин базасында эки өлкөнүн өкмөттөрүнө көп тармактуу соода-экономикалык аймак түзүү сунушун берип жатканын белгиледи.
Максымбековдун айтымында, биринчи этапта бул аймак кыргыз продукцияларын сатууга багытталат, ал эми кийинки баскычтарда өндүрүш долбоорлорун ишке ашыруу жана биргелешкен ишканаларды түзүү пландалууда.
“Биз объектти куруп бүттүк жана тиешелүү макамды алууга дээрлик даярбыз. Санариптештирүү жана башка багыттар боюнча бардык иштерди параллелдүү түрдө жүргүзөбүз”, — деп кошумчалады ал.