Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты, Япония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда ишке ашырылып жаткан долбоорлор, жыл аягына чейин жасала турган иштер жана алдыдагы пландар талкууга алынып, тиешелүү маселелер боюнча Нишигата Котаро кеңири маалымат берди.
Анын ичинен саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт, айыл чарба жана ирригация багыттарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтылып, быйыл Баткен облусу үчүн жол-транспорттук атайын техникалар алынары белгиленди.
Муну менен катар жолугушууда Ош облусундагы ооруканага заманбап медициналык жабдууларды алуу жана Нарын дарыясынын Токтогул районунан өткөн тилкесине көпүрө куруу маселелери талкууланды. Пландалган иштердин бардыгы гранттык негизде кайтарымсыз берилген каражаттын эсебинен жасалары күтүлүүдө.
Депутат Талайбек Масабиров Кыргызстан менен Япония акыркы жылдары тыгыз кызматташып келе жатканын белгилеп: “Көрсөткөн колдоосу үчүн өнөктөштөрүбүзгө жана Япониянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирем”, – деди.
Мындан тышкары, Кыргызстан калыптанган кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айткан депутат айтылган пландардын ийгиликтүү ишке ашуусу эки элдин достугун арттырып, алакасын кеңейтүүгө көмөкчү болорун кошумчалады.
Нишигата Котаро бүгүн, 10-сентябрда Токмок шаарындагы ооруканага медициналык жабдууларды тапшырыла тургандыгын кошумчалады.
Алсак, аталган заманбап жабдуулар да кайтарымсыз негизде берилүүдө.