Кыргыз-япон инвестициялык өнөктөштүгү жаңы деңгээлге чыгат — Кабар

Кыргыз-япон инвестициялык өнөктөштүгү жаңы деңгээлге чыгат

Экономика 20 декабрь 2025 14:54
WhatsApp Image 2025-12-20 at 11.50.25 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 11.50.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 11.50.25 (5).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 11.50.25 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 11.50.25 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 11.50.25 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 11.50.25.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 11.50.24 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 11.50.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 11.50.24.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 20.12.25. /Кабар/. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Борбор Азия + Япония» эл аралык бизнес-форумунун уюштуруучуларынын бири болуп эсептелинет.

Агенттиктин билдиришкендей, бизнес форум президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулду.

Токио шаарында өтүп жаткан форум Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган жана мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөнүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирет.

Форумга Кыргызстандан 50гө жакын бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «Борбор Азия + Япония» форматы байланыштарды чыңдоодо маанилүү экенин жана Кыргызстан инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Форумдун ишкердик программасынын алкагында туруктуу өнүгүү, «жашыл» экономиканы калыптандыруу, санариптештирүү, IT-индустрияны өнүктүрүү, ошондой эле адамдык капиталды жана билим берүү тармагын өнүктүрүү маселелери каралууда.

Иш-чаранын негизги максаты эки тараптуу документтерге кол коюу менен, тараптардын өз ара ишениминин жогорку деңгээлин жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө умтулуусуна багытталган.

Бизнес-форумдун алкагында 20дан ашуун эки тараптуу документтерге кол коюлду.

«Борбор Азия + Япония» бизнес-форумун өткөрүү тараптардын соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана Кыргызстан менен Япониянын узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө болгон умтулуусун көздөйт.