Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Кыргыз улуттук университети – бул кыргыз улутунун тиреги жана көөнөрбөс булагы. Бул тууралуу окумуштуу жана мамлекеттик ишмер, КУУнун мурунку ректору Ишенгүл Болжурова “Улуттук университет - улуттун тиреги” эл аралык форумунда билдирди.
“Кыргыз улуттук университети – бул кыргыз улутунун тиреги жана көөнөрбөс булагы. Анын артынан башка дагы жогорку окуу жайлар ишин баштаган. Ал биринчи кыргыз интеллигенциясын таптап чыгарган, экономиканы, маданиятты биринчилерден болуп көтөрүүгө салым кошкон окуу жайлардын бири.
Андан сырткары, 1920-30-жылдары, андан кийинки согуш жылдарында социалдык абалын, экономикасын жана маданиятын көтөрүүгө да өбөлгө түзгөн.
Бул окуу жайдан миңдеген чыгаан инсандар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер чыккан”,-деди ал.
Ошондой эле жогорку окуу жайынын бүгүнкү күнүнө жана анын алдында турган милдеттерге токтолду.
“Улуттук университет мындан ары дагы азыркы замандын тенденцияларына, башкача айтканда жаңы технологиялардын, жасалма интеллекттин жана башка маселелердин талаптарына жооп бере турган окуу жай болушу керек. Мындан ары дагы бир жагынан эл аралык масштабды көрүп, экинчи жагынан улуттук аң-сезимди, өзүбүздүн тамырыбызды, тарыхыбыздын учугун улаган, эгемендүүлүгүздү көздүн карегиндей сактаган кадрларды даярдап чыга берсин”,-деп белгиледи.
Белгилей кетсек, 23-25-октябрь күндөрү Улуттук университет өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Ал 1925-жылы 25-октябрда Кыргыз агартуу институту катарында негизделген. 1993-жылы – Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, 2002-жылдан тарта — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети болуп өзгөргөн.
Учурда окуу жайда 14 институт, 14 факультет, 4 колледж, 1 гимназия, 4 илим изилдөө борбору жана 14 диссертациялык кеңеш иш алып барат.