Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2025-жылы жүк ташуунун тарыхый жогорку көрсөткүчүнө жетип, 10,5 млн тонна жүк ташыды. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде ишкананын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы жүк ташуунун көлөмү 7 млн тоннага жакын болсо, акыркы жылдары бул көрсөткүч 3 млн тоннадан ашык көбөйгөн. Өсүш санариптештирүү, жүктөрдү ташуу убактысын кыскартуу жана коңшу өлкөлөрдүн темир жол администрациялары менен кызматташтыкты күчөтүүнүн эсебинен камсыздалган.
Ошондой эле ал белгилегендей, 2022-2025-жылдары 174 чакырым темир жол капиталдык оңдоодон өтүп, рельстер, шпалдар, станциялар жана байланыш системалары жаңыртылган. Ишкана жыгач шпалдарды толугу менен темир-бетон конструкцияларына алмаштырып, эски Р43 үлгүсүндөгү рельстерди заманбап Р50 жана Р65 түрлөрүнө жаңылоону аяктаган.
"Учурда "Кыргыз темир жолу" локомотив жана вагон паркын жаңыртуу иштерин улантууда. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен локомотив депосун модернизациялоо долбоору ишке ашырылып, тепловоздорду өлкө ичинде оңдоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 2025-2030-жылдарга карата ишкананын негизги милдеттеринин катарына Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу, Кочкор – Кара-Кече – Макмал багытындагы темир жол курулушун улантуу, Чолпон-Атага чейинки темир жол линиясын өнүктүрүү, логистикалык борборлорду түзүү жана санариптик системаларды кеңейтүү кирет", - деп айтылат маалыматта.
Сакиев бул долбоорлор Кыргызстанды эл аралык логистикалык түйүндөрдүн бирине айлантууга жана өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.