Кыргыз-тажик чек арасынын 62 чакырымына зым тартылды

Аймак 12 Август 2025 17:15
530847534_1299258338234285_5016707123978328455_n.jpg
530367417_1299258251567627_1011227264137233839_n.jpg
530448179_1299258491567603_1888638276922656196_n.jpg
530467795_1299258558234263_1139040600838021246_n.jpg
530645257_1299258634900922_6419775993799833189_n.jpg
530787167_1299258538234265_1667070510644418007_n.jpg
530835219_1299258601567592_3919823976650361521_n.jpg
530862442_1299258364900949_278172697988740928_n.jpg
530978260_1299258484900937_4735431954306116240_n.jpg
530978264_1299258564900929_6029055219143134606_n.jpg
531224827_1299258258234293_6133563994727502504_n.jpg
531278513_1299258624900923_857446029070479098_n.jpg
531306100_1299263464900439_686978858289031807_n.jpg
531392133_1299258194900966_4719843772179628514_n.jpg
531498257_1299258524900933_5701056697260750338_n.jpg
531509495_1299263441567108_6196110346617903537_n.jpg
531746442_1299258451567607_4883697589366245062_n.jpg
531783121_1299258428234276_3349249287888627532_n.jpg
532086639_1299263408233778_7583087871580961786_n.jpg
530367417_1299258251567627_1011227264137233839_n — копия.jpg
532221475_1299258318234287_6398221738109071381_n — копия.jpg
532266012_1299258114900974_3295756520363036904_n (1) — копия.jpg
532353397_1299258294900956_570911593338586784_n — копия.jpg
532846131_1299263381567114_984107017474826558_n — копия.jpg
Безымянный — копия.png
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасынын 62 чакырымына зым тартылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда зым тартуу иштери Баткен районунун Ак-Сай айылынын Кожо Каары ашуусунда жана Лейлек районунун Катта-Туз жергесинде жүрүүдө.

Инженердик жабдуу иштери үч этап менен аткарылууда:

  • чуңкурларды казуу иштери 74 чакырым;
  • темир түтүктөрдү орнотуу иштери 68 чакырым;
  • зым тартуу иштери 62 чакырымга жетти.

Чек араны демаркациялоо иштерине төмөнкү мамлекеттик аскер кызматтары катышууда:

  • УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери;
  • УКМКнын Чек ара кызматынын инженердик сапердук отрядынын адистери;
  • Коргоо министрлигинин аскерлери;
  • ИИМ ички аскерлери;
  • ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери;
  • ⁠ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери

Белгиленгендей, жумушчу күчү жана курулуш материалдары жетиштүү.

Белгилей кетсек, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик органдары демаркация жумуштарына көмөк көрсөтүүдө. Калкттуу конуштарга зым тартуу иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бак-дарактардан тазалоо иштери жүрүүдө. Тургундар чек араны тосуу иштерин кубаттап, турак-жайлары аркылуу өткөн зым тартуу иштерине түшүнүү менен мамиле жасалууда.