Кыргыз-тажик чек арасында майрамдык маданий иш-чаралар өтүүдө

Аймак Загрузка... 13 Март 2025 17:27
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында майрамдык маданий иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нооруз майрамын утурлай кыргыз-тажик чек арасынын расмий ачылуусуна карата Баткен жана Согди облусунун чектешкен аймагында майрамдык иш-чаралар уланууда.

Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода баштаган чектеш райондордун башчылары жана кыргыз-тажик элдери катышууда.

Облус башчылары кошуна жашаган эки элди бул тарыхый күн менен куттуктап, алдыда ынтымакты бекемдөө, ар тараптуу кызматташууну жандантуу аракеттери көрүлөрүн айтышты.

Сүмөлөк кайнап, улуттук тамак-аш жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөр уюштурулду.

Жергиликтүү таланттар улуттук ыр-бийлерди аткарышты.

Белгилей кетсек, бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши жанданды. Аталган бекеттер 2021-жылдын май айынан бери жабык турган.