Кыргыз тасмасы "Оскар" үчүн ат салышат

Маданият Загрузка... 18 Сентябрь 2025 14:40
3492623.734a55375f1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кара. Кызыл. Сары." толук метраждуу тасмасы Кыргызстандын 2026-жылдагы Оскар сыйлыгына расмий сунушу катары тандалганын өлкөнүн Оскар комитети билдирди.

Белгилүү болгондой, 96-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи 2026-жылдын 8-мартында АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт.

Тасма Эл аралык мыкты толук метраждуу тасма номинациясында сыйлык үчүн ат салышат. Жыл сайын өлкөлөр бул категорияга өздөрүнүн улуттук кинематографиясынын маданий жана көркөм мурасын чагылдырган бир тасманы көрсөтүшөт.

Номинация 1956-жылдан бери бар.

Белгилей кетсек, 21-июнда Шанхай эл аралык кинофестивалынын негизги программасында “Кара. Кызыл. Сары.” тасмасы баш байгени жеңип алган.

Тасманын чыгармачылык тобу:

- Сценарийин жазган: Топчугүл Шайдуллаева, Актан Арым Кубат;

- Оператору: Талант Акынбеков;

- Койгон: Орозбай Абсаттаров;

- Үн режиссеру: Марс Түгелов;

- Редактору: Евгений Крохмаленко;

- Композитору: Баласагын Мусаев;

- Башкы ролдордо: Наргиза Маматкулова, Айгүл Бусурманкулова, Мирлан Абдыкалыков.